Улуу жазуучу Ч. Т. Айтматовго арналган декада
№67 ОТК МГда 7-16-декабрь күндөрү улуу жазуучу Ч. Т. Айтматовдун туулган күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү.
Мектептин фойесинде улуу жазуучунун чыгармалары боюнча көргөзмө уюштурулуп, ага таланттуу окуучулардын чебер колдорунан жаралган иштер коюлду. «Манас тили» кафедрасынын мугалимдери тарабынан Ч. Т. Айтматовго арналган ачык сабактар, класстан тышкаркы иштер өткөрүлдү. 7-декабрда кыргыз тили жана адабияты мугалими Данышманова Бермет Абдиевна 4-В класста «Ак кеме» повести боюнча «Чынгыз Торокулович Айтматовду окуйбуз» аттуу класстан тышкаркы сабак өттү. 4-В класстын окуучулары ата-энелер менен биргеликте улуу жазуучунун чыгармаларын окуп, тапшырмаларды аткарып, активдүү катышышты. 5- В класста мугалимдер Сагындык кызы Ж. жана Исманалиева Л. К. жетекчилиги астында «Ч. Т. Айтматовду эскерүү» класстан тышкаркы иши болду.
12-декабрда «Кылым карытаар бир күн» романы боюнча 10-класстар арасында интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. 10-В класстын «Шайырлар» командасы 1-орунду, 10-Г класстын «Тапкычтар» командасы 2-орунду жеңип алышты. Айтматовдун өмүр баяны, чыгармалары, кинотасмадан үзүндүлөрдү аткаруу, жазуучу айткан учкул-сөздөрдү чечмелөө сыяктуу тапшырмалар берилди.
Улуу жазуучуга арналган декаданын акыркы күнүндө, 16-декабрда мугалимдер Керимбекова Самара Байышовна жана Кадралиева Жылдыз Мырзакуловна чогуу 4-К класста жазуучуга арналган «Ч. Т. Айтматов биздин жүрөгүбүздө» ачык сабагын өтуштү.
Комментарии