Олимпиада по основам предпринимательства
13.04.2024-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен биздин мектепте Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-класстарынын окуучуларынын арасында ишкердиктин негиздери жана финансылык сабаттуулук боюнча Олимпиаданын финалы өткөрүлдү. («Ишкер мышыктар» көп колдонуучу тармактык экономикалык стратегиясын колдонуу менен) Олимпиада технологиялык жана инновациялык сабаттуулукту жогорулатуу, окуучулардын ишкердиктин негиздери жана финансылык сабаттуулугу боюнча критикалык ой жүгүртүүсүн, программалоо жана чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүү, таланттуу балдарды аныктоо жана колдоо максатында ѳткѳрүлдү.
Олимпиаданын уюштуруучулары Татарстан Республикасынын «Алабуга» ЭЭЗ ААКсы жеңүүчүлөрдү баалуу белектер менен сыйлады.
Комментарии