№67 МГ ОТК №67 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплекси

Перечень документов, необходимых для поступления в 1 класс

Ата — эне/ мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1 — августунан баштап    10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:

-мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

-баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери — нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана                             ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;

-ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

-алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы  (белгиленген формалар);

-баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

1 — августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт.