Нооруз
2024-жылдын 19- мартында №67 мектеп-гимназиясында Нооруз күнүнө карата иш- чара болуп өттү. Майрамдык кече ыр, бий, күү, манас айтуу жана кыргыздын улуттук салтын көргөзүү менен коштолду. Нооруздун салтанаттуу белгиси катары Умай эне аластап, баба дыйкан батасын берип, сүмөлөк таратылып, улуттук оюндары көргөзүлдү..
Анда кызды энесинин кошок кошуп узатуусу, жеңелери кыздын кырк чачын жандырып, чачпак менен эки өрүм чач өрүү каадасы да камтылды. Ал эми сахна улуттук колоритте кооздолуп шырдак, туш кийиз, жер төшөктөр менен жабдылды.
Мектептин фойесинде плакаттар илинди.
Майрамдык кече көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады.
Комментарии