8 марта
2024- жылдын 7-мартында мектептин актовый залында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата апаларга, эжелерге, арналган майрамдык кече болуп өттү. Майрамдык кечеге ата- энелер да катышышты. Мектептин таланттуу, шыктуу окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулоо менен, апаларын, жакын адамдарын кубанычка бөлөштү. Концерт шаңдуу ыр- бий менен коштолуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Бул күнү мектептин мугалим эжекелери үчүн, келген меймандар үчүн жагымдуу маанай тартууланды.
Комментарии