ОТК №67 МГ биринчи инженердик класстар ачылды!
22-октябрда КР Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчили астында «Алтын түйүн» Республикалык балдардын инженердик-техникалык академиясы, И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университети, №28 мектеп-лицей жана ОТК №67 МГ республикада биринчи инженердик-техникалык класстарды ачуу боюнча келишим түзүштү. «Алтын түйүн» РБИТА жана И. Раззаков атындагы КМТУ менен келишим түзүүдө мектеп инженердик-техникалык багыттагы ар кандай деңгээлдеги билим берүүчүлүк программаларды балдардын өздөштүрүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган бир нече билим берүү мекемелеринин ресурстарын колдонууну көздөйт.
Комментарии