Мугалимдер Күнү
2019-жылдын 4-октябрында №67 МГ ОТКда Мугалимдер Күнүн белгилешти. Окуучулар бул күнгѳ абдан чоң сүйүү менен даярданышты. Жогорку класста окуган окуучулар укмуштуудай энтузиазм менен дубал газеталарды жазашып, сүйүктүү мугалимдер үчүн куттуктоо ачык каттарын даярдашты. Майрамдык иш-чаранын учурунда эң мыкты мугалимдер грамоталарды жана сыйлыктарды алышты. Официалдык бѳлүктѳн кийин мугалимдерди окуучулар майрамдык концерт менен куттукташты.
Комментарии