Мамлекеттик тил күнү
2019-жылдын 23-сентябрында №67 ОТК МГда мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Окуучулар бул иш-чарага активдүү катышышты. 1989-жылы ушул күнү Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алгандыгынын урматына мамлекеттик тил күнү өлкөбүздө жылына 23-сентябрда белгиленип келет. Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгын белгилешти.
Комментарии