Чыңгыз Айтматовдун карындашы менен жолугушуу
9- декабрда мектептин Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты кабинетинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Шакиева Замира Жанузаковна 7- класстын окуучулары менен биргеликте улуу жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова менен жолугушуу кечесин уюштурду. Окуучулар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу ар кандай суроолорду узатышып, кызыктуу жоопторду ала алышты. Жолугушуу окуучулар үчүн жылуу кабыл алынып жагымдуу маанайда өттү.
Комментарии