«Айтматовду окуйбуз» аталышындагы китеп окуу жумалыгы
№ 67 мектеп-гимназиясында 12-декабрдан 18-декабрга чейин «Айтматовду окуйбуз» аталышындагы китеп окуу жумалыгы старт алды. Жумалык улуу жазуучуну эскерүү, балдарды китеп окууга кызыктыруу жана алардын дүйнѳ таанымын кеңейтүү максатында уюштурулду.
4-6-класстарга «Ак кеме»повестин
7-8-класстарга «Эрте келген турналар»повестин
9-10-класстарга «Саманчынын жолу» повестин
11-класстарга «Жамийла» повестин окуп чыгуу сунушталды.
Окуган чыгармалардын негизинде класстар аралык онлайн-таймаш ѳткѳрүлѳт.
Жыйынтыгы сайтта жарыяланат.
Комментарии