“Ак-калпак”
5- март Ак калпак күнүнө карата №67 мектеп-гимназиясында иш-чаралар болуп болуп өттү. Класс жетекчилер класстык сааттарды өтүштү. 8- класстар дубал газеталарды жасап илишти. 7- класстын окуучулары Ак калпак тууралуу презентацияларды жасап мектептин телевизоруна коюлду. 9 “И” класстын окуучулары атайын тигилген чоң калпактарды көтөрүшүп жөө жүрүш жасашты. Ал эми 2- смендин мугалимдерин, окуучуларын мектептин “Улуу мурас” комузчулар ансамбли Ак калпак күнү менен куттуктап фойеде чыгарамаларын аткарып беришти.
Жыйындар залында 10- класстар арасында уюштурулган “Ак калпакчан жигиттер” аттуу конкурс болуп өттү. Сынакка үч команда катышты: “Улуу каганат”, “Түндүк” жана “Мурас”. Калыстар тобунун чечими менен топтогон упайларына жараша 1- орунду “ Мурас” командасы, 2- орунду “Тундүк”, ал эми 3- орунду “Улуу каганат” командасы ээледи. Окуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Конкурстун максаты: окуучулардын жан дүйнөсүн руханий жактан байытуу, жана ошондой эле кыргыздын каада-салттарын, үрп-адаттарын жана баалуулуктарын сактай билүүгө, адеп-ахлактыкка тарбиялоо болуп эсептелинет.
Комментарии