Желек күнү
2-март күнү №67 мектеп-гимназиясында Желек күнү белгиленди. Эртең менен мектептин короосунда салтанаттуу линейка болду. Линейкага 9, 10, 11 класстын окуучулары жана мугалимдер катышты. Кыргыз Республикасынын гимни менен желек көтөрүлдү. Мектептин тарых мугалими Адеев Жылдызбек Айдарбекович окуучуларды желек күнү менен куттуктап, туунун тарыхы тууралуу кыскача баяндама жасады. Андан соң, окуучулар сабактарга киришти да мугалимдер класстык сааттарды өтүштү. Мектеп ичинде туу күнүнө карата башталгыч класстын жана ортоңку звенонун окуучулары сүрөт тартышты. Дубал газеталар боюнча конкурстар уюштурулуп мыктылары илинди. Презентациялар жасалып телевизорго коюлду. Желек күнүн белгилөө менен балдар патриоттуулукка тарбияланышат.
Комментарии