2019-жылдын 13-декабрында №67 ОТК МГда 6-7-класстын окуучулары үчүн И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттеринин катышуусунда энергияны сактоо боюнча иш-чара болуп ѳттү.
2019-жылдын 13-декабрында №67 ОТК МГда 6-7-класстын окуучулары үчүн И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттеринин катышуусунда энергияны сактоо боюнча иш-чара болуп ѳттү. Окуучулары Кыргыз Республикасынын энергетикалык ресурстарын колдонуудагы негизги кѳйгѳйлѳр менен тааныштырышты. Турмуш-тиричиликтеги электрэнергиясын сактоонун ыкмалары кѳрсѳтүлүп, кыргызстандыктардын эң башкы кѳйгѳйлѳрдүн биринин чечилишинде активдүү катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди. Балдар тематикалык викторинага активдүү катышышты. Иш-чара жеңил, кызыктуу атмосферада ѳттү. Алынган маалыматтар окуучуларда кызыгууну жаратты. Алар бул кѳйгѳй жѳнүндѳ мурда ойлонбогондуктарын моюнга алышып, энергияны сактоого катышуу үчүн кѳтѳрүлгѳн маселелерди окуп-үйрѳнүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Комментарии