“Жаңы жылды тосуу”
16-февралда КУУнун алдындагы окуу борбору болгон Конфуций институту менен биргеликте иш алып барган Бишкек шаарынын №67 мектеп-гимназиясында “Жаңы жылды тосуу” маданий иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын башында кытай тили мугалими Турдакун кызы Айзада сөз сүйлөп, бардыгын Кытай Жаңы жылы менен куттуктап, концертке активдүү катышып, салттуу кытай майрамын биргелешип өткөргөндүгү үчүн мектептин бардык мугалимдерине жана окуучуларына ыраазычылык билдирди. Андан кийин окуучулар укмуштуудай жандуу оюн көрсөтүштү, анын ичинде көркөм классикалык бий, күчтүү согуш өнөрү, сүйкүмдүү панда бийин тартуулашты. Окуучулар ошондой эле кытай маданиятына болгон кызыгууларын көрсөтүштү. Соңунда кытай тили мугалими Турдалиева Элнура салттуу маданий билим сынагын (викторина) уюштуруп, ага окуучулар кызуу катышышты.
Концерттик номерлер күлкү менен коштолуп, жаңы жылдык маанайга ээ болду. «Жаңы жылга кош келиңиздер!» иш-чарасы окуучулардын сабактан тышкаркы жашоосун байытып гана тим болбостон, КУУнун Конфуций институтунун окутуучулары менен окуучулардын ортосунда тыгыз кызматташуусуна өбөлгө түзүп, №67мектеп- гимназиясынын бирдиктүү жана прогрессивдүү рухун көрсөттү. Мындай атмосферада окуучулар кытай тилин үйрөнүүгө көбүрөөк ынталуу болушат деп ишенебиз.
Комментарии