Чыңгыз Айтматов 95 жашта
12- декабрда мектептин актовый залында кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан уюштурулган Ч. Айтматовдун туулган күнүнө арналган майрамдык кече болуп өттү. Бул иш -чарага мектептин 1-11 класстарынын таланттуу окуучулары катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты. Программа боюнча Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыруу жана анын каармандарына арналган обондуу ырлар, көркөм окуу, өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу видеотүрмөктөр, презентациялар жана чыгармаларынын негизинде кинотасмаларды тартуу.
“Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жыйынтыктоо иш- чарасы көрөрмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, баарыбызга жагымдуу маанай тартуулады.
Комментарии