”Бир окуучу — бир кѳчѳт”
2024-жылдын 16-февралында ОТК № 67 мектеп-гимназиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» аттуу Жарлыгынын негизинде ѳткѳн жылы башталган «Жашыл Мурас» кампаниясын колдоо, ”Бир окуучу — бир кѳчѳт” жалпы республикалык акциясын жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругун аткаруу жана гимназиябыздын “Тазалык- менден башталат” үч айлыгынын алкагында, айлана- чɵйрɵнү жакшыртуу,көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында “Бак отургуз!” акциясы старт алды. Акциянын салтанаттуу ачылышына
Бишкек Бишкек мэриясынын Билим берүү Департаментинин директору Мусаева Рахат Ишенбековна, Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгынын начальниги Байгулов Нурлан Омурбекович,мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Мектептин спорт аянтында 50 түп арча отургузуу пландалып,бүгүн 20 арча отургузулду.
Комментарии