“Атам, апам жана мен – биз спорттук үй-бүлөбүз”
2021–2026-жылдарга карата “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепцияны ишке ашыруу, ошондой эле 2025-жылдын 20-январынан 20-февралына чейин Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде окуучулардын сергек жашоо образын калыптандыруу боюнча бир айлыктын алкагында №67 мектеп-гимназиясынын спорт залында 5-класстар аралык “Атам, апам жана мен – биз спорттук үй-бүлөбүз” аттуу мелдеш өткөрүлдү.
Иш-чара мектептин дене тарбия мугалимдери жана класс жетекчилери тарабынан уюштурулуп, ата-энелердин активдүү катышуусу менен өттү. Мелдешке үч команда катышып, аркан тартыш, шарды жерге түшүрбөй чуркоо, топту шакекчеге салуу сыяктуу кызыктуу спорттук оюндар өткөрүлдү. Ата-энелер балдары менен биргеликте мелдештерге катышып, командаларына дем-күч берип турушту.
Оюндун жыйынтыгында топтолгон упайлар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:
1-орун — 5-А классы (30 упай);
2-орун — 5-Б классы (25 упай);
3-орун — 5-И, 5-В, 5-Г класстарынын ата-энелеринен түзүлгөн курама команда.
Жеңүүчүлөр грамоталар менен сыйланып, иш-чаранын соңунда жалпы сүрөткө түшүштү. Иш-чарага активдүү катышкан бардык ата-энелерге мектеп администрациясы ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын максаттары:
- Ата-энелер менен мектептин жана мугалимдердин өз ара тыгыз байланышта болушун камсыздоо, окуучуларды билим алууга кызыктыруу;
- Сергек жашоо образын жайылтуу;
- Дене бойду чыңдоо жана физикалык активдүүлүктү жогорулатуу;
- Окуучуларды шамдагайлыкка, командада иштөөгө, намыстуулукка, бири-бирине жардам берүүгө жана өз ара сыйлоого үйрөтүү.
Комментарии