31.10.2018-жылы №67 МГ ОТКда «Биз жана мыйзам» шаардык иш-чарасы болуп ѳттү. Мектептик парламенттин активисттери, №67 МГ ОТКнын 9-классынын форум-театры «Сен жалгыз эмессин!» театрлаштырылган оюнун коюшту. Иш-чаранын катышуучулары менен «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын билгичтери» укуктук викторинасы, ачык диалог, мээ штурму болду, ошондой эле №67 МГ ОТКнын окуучулары иш-чаранын баардык катышуучулары үчүн тематикалык буклеттерди даярдашкан.
Максаттары жана коюлган маселелери: борбор калаанын мектептеринин окуучуларынын арасындагы укук бузуулардын профилактикасы, укуктук билимдерди жайылтуу, тайпада иштѳѳ, талкуу жүргүзѳ алуу жѳндѳмдүүлүктѳрүн ѳнүктүрүү, мыйзамды сыйлаган жаранды тарбиялоого жана ѳзүнүн жасаган ишине жоопкерчилигин калыптандырууга түрткү берүү. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын иш-чаралардын планына жана буйругуна ылайык мектептердин окуучуларынын арасындагы укук бузуулардын профилактикасы боюнча 2 айлыктын алкагында ѳттү. Иш-чарага ИИМдин Свердлов райондук башкармалыгынын ЖЖИБИнин инспекторлору, мектептик парламенттин лидерлери жана активисттери, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун адистери катышышты.
Комментарии