Ата — эне/ мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1 — августунан баштап 10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:
-мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
-баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери — нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;
-ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
-алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
-баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.
1 — августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт.