“Зордук –зомбулукка каршы 16 күн”
6- декабрда мектептин жыйындар залында “Зордук зомбулукка каршы 16 күндүк акциясынын алкагында “Биз зордук- зомбулукка каршыбыз!” аттуу иш- чара болуп өттү. Бул иш- чарага Балдар менен иштөө инспекторлору, жол кыймылы боюнча күзөт кызматынын өкүлдөрү жана ошондой эле №4 Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы, мектеп дарыгери, соцпедагог, 9-10-11- класстын окуучулары катышты.
Декаданын ичинде зордук- зомбулук боюнча видео түрмөктөрдүн конкурсу уюштурулуп, андагы эң мыкты деген 9-Е, 9-И, 9-Ж,10-А класстарынын видеотүрмөктөрү келген конокторго жана окуучуларга көргөзүлдү. Ар бир класстан дубал газеталар даярдалып илинди. Класс жетекчилер “зомбулуктун түрлөрү” боюнча класстык сааттарды өтүштү.
Күзөт кызматынын өкүлү — инспектор милициянын капитаны Молдобаева Диляра окуучуларга Укук бузуулардын түрлөрү, зордук – зомбулукка байланыштуу ала качуу, бала уурдоо сыяктуу кылмыштар автоо унаа аркылуу ишке ашары жана анын кесепети жол эрежелерин бузуу, адам өмүрүнө коркунуч келтирүү менен коштолорун айтып, окуучуларды туура жолду тандоого чакырды. Ошону менен бирге айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу өз өмүрү үчүн да, башкалардын өмүрү үчүн да өтө кооптуу экенин белгилеп, балдарга суроо –жооп уюштуруу менен кызыктуу талкуу өткөрдү.
8Б, 7Ж класстын окуучулары “буллинг” боюнча мектептеги, класстагы окуучулар арасындагы окуяларды саханалаштырып беришти. Ушул эле тематикада мектептин соцпедагогу Улакова Айзада Кенжегуловна лекция окуду. Ал “үй – бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана аны чечүүнүн жолдорун белгилеп өттү. Ал эми балдар менен иштөө инспектору Авазова Нуриза Матайбатыровна жана А.А. Турсунбекова зордук – зомбулук тууралуу жана анын кесепеттери, жоопко тартуу боюнча маалымат беришти.
Мектеп дарыгери зордук- зомбулукка кабылуу адамдын психикасына терс таасир бере тургандыгын, кыздар арасында түшүнбөстүктөрдү,кыздардын укугун жана ошондой эле эрте турмуш куруунун кесепеттери жөнүндө да айтты.
Ошентип биргелешкен иштин негизинде зордук- зомбулукка каршы туруу ар бирибиз үчүн милдет экенин түшүндүк.
Комментарии