«Жылдын мыкты мугалими» школьный этап
№67 мектеп-гимназиясында салтка айланган «Жылдын мыкты мугалими» сынагы жогорку деңгээлде өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты — мугалимдердин эмгегин даңазалоо, педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу жана чыгармачыл мугалимдерди колдоо болуп саналат. Сынактын катышуучулары: Жумакадырова Н.Т. орус тили жана адабияты сабагы, Таалайбекова Нагима кыргыз тили жана адабияты сабагы, Нурбек кызы Айгүл кыргыз тили жана адабияты, Кадырова А.А. англис тили сабагы.
Сынактын жүрүшүндө мугалимдер өздөрүнүн кесипкөйлүгүн төмөнкү багыттар боюнча көрсөтүштү: инновациялык сабак өтүү усулдары, окуучулар менен өз ара байланышы, педагогикалык ишмердүүлүктөгү жетишкендиктери, чыгармачылык жана демилгечилик. Бул сынак мугалимдердин мотивациясын көтөрүп, билим берүү жаатында жаңы идеялар менен бөлүшүүгө чоң өбөлгө түздү.
Комментарии