“Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү — 2024”
2023-жылдын 23-апрель күнү №67 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясынын базасында Свердлов районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү — 2024” райондук кароо-сынагы өткөрүлдү.
Кароо-сынакка №16,32,33,67,85 мектептери катышып, төмөнкү 7 тапшырмалар боюнча ат салышышты:
1.”Саптык кароо”
- “Жаш жол кыймылын көзөмөлдөөчү”
3.”Болочок айдоочу”
4.”Жол кыймылынын эрежелеринин билермандары”
5.”Жол эрежелеринин өлкөсү”
6.”Командалардын видеоролиги”
- “Келечектеги коопсуз Кыргызстан” (слайд)
Балдардын эмгеги Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматынын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында:
1-орунга — №67 ОТК МГ,
2-орунга — №85 ОМ,
3-орунга — №16 жана №32 ОМ,
4-орунга — №33 МГ ээ болушту.
Кароо-сынактын Жобосуна ылайык, 1, 2-орунга ээ болушкан №67 жана №85 мектептери кароо-сынактын шаардык этабына катышышат.
Аталган мектептерге шаардык сынакта да ийгиликке жетишүүсүн каалайбыз жана Свердлов районунун намысын татыктуу коргоп келет деп ишенебиз.
Комментарии