«Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү»
Бишкек шаары, 15-май, 2025-жыл — Бүгүн Бишкек шаарындагы №67 орто мектебинде «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аттуу конкурстун шаардык этабы өткөрүлдү. Иш-чарага №49, №67, №73 жана №79 орто мектептеринин окуучулары катышты.
Конкурс эки этап менен уюштурулуп, катышуучулар жол эрежелери боюнча өз билимин жана практикалык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
I орун — №73 мектеп
II орун — №79 мектеп
III орун — №67 мектеп
IV орун — №49 мектеп
Жеңүүчүлөргө ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Иш-чаранын башкы максаты — окуучулардын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча билимдерин бекемдөө жана туура жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу болуп саналат.
Белгилей кетсек, №67 мектептин командасы райондук этапта 1-орунду ээлеп, шаардык этапка жолдомо алышкан.
Комментарии