“Жол кыймылынын жаш инспектору-2023”
Бишкек шаарында “Жол кыймылынын жаш инспектору-2023” аттуу кароо-сынак өттү
Билим берүү департаменти Бишкек шаарынын ИИББнын Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте №79 жалпы орто мектептин базасында “Жол кыймылынын жаш инспектору-2023” аттуу кароо-сынак өткөрүлдү.
Сынак окуучуларга жарандык-укуктук тарбия берүү, балдардын жол-транспорттук жаракаттарын алдын алуу, Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын арасында көчөдө жана жолдордо коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча иштерди активдештирүү максатында өткөрүлдү.
Бул мелдешке үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөрүлгөн мелдештин райондук турларында 1-2-орунду ээлеген №1, 54, 32, 67, 55, 79, 26, 91 мектептеринин ЖКЖИнын командалары катышты.
“Жол кыймылынын жаш инспектору-2023” аттуу кароо-сынак сегиз номинацияда өттү:
Сынак: жаш жол кыймылын көзөмөлдөөчү, болочок айдоочу, жол белгилеринин өлкөсү, жол эрежелери боюнча эксперттер, жол кыймылынын жаш инспектору отряддарынын үгүт топторунун көрсөтүүсү, ошондой эле дубал гезиттерге сынак өткөрүлдү.
¾ «Саптык даярдык» көрсөтүүчү программа;
¾ «Жаш жол кыймылын көзөмөлдөөчү»;
¾ «Болочок айдоочу»;
¾ «Жол белгилеринин өлкөсү»;
¾ «Жол эрежелери боюнча эксперттер»;
¾ мектептеги «Милициянын жаш досу» командасы жөнүндө видеороликтер сынагы;
¾ жол кыймылынын жаш инспектору отрядтарынын үгүт топторунун көрсөтүүсү;
¾ дубал гезиттерге сынак.
Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:
1 орун – № 67 мектеп-гимназиянын командасы;
2 орун – № 26 гимназия-комплексинин командасы;
3 орун — № 79 жалпы орто мектептин командасы;
4 орун – № 54 жалпы орто мектептин командасы.
Командаларга дипломдор, баалуу сыйлыктар үчүн сертификаттар, ошондой эле киного билеттер тапшырылды.
«Жол кыймылынын жаш инспектору» шаардык кароо-сынагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан бекитилген «ЖККМ» сынагы жөнүндө жобонун негизинде өткөрүлөт.
18-майда № 67 мектеп-гимназиянын командасы сынактын республикалык этабында Бишкек шаарынын атынан чыгат.
Комментарии