“Сергек жашоо”
31-мартта Свердлов районунун № 67 ОТК мектеп-гимназиясында “Сергек жашоо” жумалыгынын алкагында жана 24-март Кургак учукка каршы күнүнө карата «Кургак учукту амбулатордук дарылоо” деген темада 9-класстарынын окуучулары жана №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери Алсеитова Анара Келгенбаевна, “Сергек жашоо” ийримининин жетекчиси Герасимова Екатерина Николаевна менен биргеликте класстан тышкаркы иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага чакырылган коноктор Свердлов районунун администрация башчысынын коомдук иштер боюнча орун басары Садыкова Асель Сыдыковна жана Свердлов Билим берүү борборунун тарбия иштери боюнча башкы адиси Пусурманова Айниса Ташматовна катышышты. Класстан тышкаркы иш-чарада дарыгер темага байланыштуу лекциясын окуп берди. Окуучулардын теманы канчалык деңгээлде түшүнгөндүгүн ийримдин жетекчиси атайын даярдалган интернет платформа Kahoot менен викторина өткөрдү. Келген коноктор жана мектеп окуучулары викторинага активдүү катышышты.
Уюштурулган иш-чара окуучуларга ден соолукка кантип кам көрүү керек жана өзүн вирустук оорулардан кантип сакташ керектиги жөнүндө маалымат алышты.
Комментарии