Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Касмамбетов Суйунбек Сапарбековичтин сабагы
2024-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарынын № 67 мектеп-гимназиясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович ачык сабак ѳттү. Сабак Мамлекеттүүлүгүбүздү түптөгөн аталар, улуттук нарк жана “Манас” эпосу деген темада ѳттү. Ушул эле сабакка республика боюнча 100 мектептин окуучулары онлайн катышты.
Конокторду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Касымалиев Муратбек Усонакунович, №67 мектеп-гимназиясынын директору Джумалиева Нургуль Оёзбековна тосуп алышты жана окуучулар ыр, күү чертишип, жаш манасчылар эпостон үзүндүлѳрдү айтышты.
Мектептин жыйындар залында уюштурулган сабакка 10-11-класстардын 130 окуучусу жана мугалимдер катышты. Сабакта Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков “Манас” эпосу тууралуу кызыктуу маалыматтарды жана эпостон үзүндү айтып берди.
Окуучулар жана мугалимдер Кыргыз мамлекети , аны түптѳгѳн аталар тууралуу жана жашоодогу нарк-насилдүү,таасирдүү окуялардан турган кызыктуу маек кепке күбѳ болушуп, тарбиялык пайдалуу маалыматтарды алышты. Сабактын аягында ардактуу коноктор окуучулар менен сүрөткө түшүштү.Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп,катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
Комментарии