ЖРТ-2025
2025-жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча 11-В класстын окуучусу Бермет Чинтемирова 228 балл менен «Алтын сертификаттын» ээси болду.
11-Е класстын төмөнкү окуучулары да мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү:
Эсенов Мирбек — 226 балл, Урманбетов Ы. — 222, Неевин О. — 221 балл. Булардан сырткары 28 бүтүрүүчү 190 -218 баллга чейинки кɵрсɵткүч беришти.
Бул окуучулар мектептин сыймыгы гана болбостон, №67 орто мектеп билимди терең берүү менен катар логикалык ой жүгүртүүгө, адаттан тыш чечимдерди табууга, өз көз карашын далилдөөгө да үйрөтөɵрүн далилдешти.
ЖРТнын жыйынтыгын салыштырып талдоо көрсөткөндөй, быйыл негизги тесттин орточо баллы 153,4 болду. Бул кɵрсɵткүч өткөн окуу жылына салыштырмалуу 2,4 баллга жогору. Эгерде акыркы 4 жыл ичиндеги катышуунун жыйынтыгын карай турган болсок, эң төмөнкү жыйынтыктар 2022-жылы – 148 балл, андан кийин 2023-жылы – 150 балл, 2024-жылы – 151 балл болгон.
Башкача айтканда, №67 орто мектептин бүтүрүүчүлөрү ЖРТда 148 баллдан 153,4 баллга чейин жетишээрлик жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатышат.
Анан дагы жыл сайын биздин мектепте «Алтын сертификаттын» ээлери бар!!!
Комментарии