“Илим+Ойлоп Табуулар=Техника!”
Чолпон-Ата шаарындагы Мамлекеттик резиденцияда окуучулардын 2-Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын алкагында 11-февралдан 13-февралга чейин “Алтын түйүн» уюштурган “илим+ойлоп табуулар=Техника!” олимпиадасы өттү. Олимпиадага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген юниорлор жана мектеп лигасынын топтору, Бишкек жана Ош шаарларынын топтору, ошондой эле “Алтын түйүн” академиясынан өзүнчө тобу катышты. “Жаш изилдөөчү-ойлоп табуучу” мектеп ийриминин жетекчиси Клепачева Елена Александровнанын жетекчилиги алдында 10-класстын окуучулары Жердев Владимир, Базарбаева Айгине, Сагындыков Бакай жана Бишкек шаарындагы 61-автордук мектептин окуучусу Кудайбергенов Бекбай курама тобун түзүштү. Команданын жетекчиси 67-мектеп-гимназиясынын информатика мугалими Галиуллина Е.Э.
Олимпиада үч этапта өттү. Биринчи, теориялык этапта командалар тарабынан “Региондорду өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын тоолоруна тоннелдерди төшөөнүн келечек маршруттарын эсептөө жана негиздөө” темасы боюнча илимий доклад корголду.
Экинчи экспресс -тур олимпиаданын өзүндө сунушталган жөө жүргүнчүлөр, автомобиль жана темир жол транспорту үчүн көпүрөнүн моделин иштеп чыгуу жана аны коргоо болду. Топторго бирдей материалдар жана шаймандар топтому берилди.
Үчүнчү, акыркы этапта, “Кыргызстандын тоолуу шарттарында тоннелдерди төшөө үчүн буровой станокторунун моделдерин иштеп чыгуу жана даярдоо” темасы боюнча моделдерди иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча “үй тапшырмаларын” аткарылган командалар иштерин коргошту.
Олимпиаданын бардык катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.
13-февралда олимпиаданын катышуучуларын сыйлоо аземи өттү.
Комментарии