Олимпиада
2023-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 03.11.23-жылдагы №5352/1 буйругуна ылайык , Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 11-ноябрындагы №1310/1 буйругу менен бекитилген “Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жөнүндө” жобого ылайык, таланттуу балдарды аныктоо үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында, предметтик олимпиадаларды даярдоо жана өткөрүү планы 22.11.23-жылдагы №113 мектеп ичиндеги буйрукка ылайык №67 мектеп – гимназиясында түзүлгөн.
Мектеп окуучулары окуу планынын бардык предметтери боюнча олимпиаданын мектептик этабына катышты.
Олимпиаданын мектептик этабынын максаты:
- мектеп окуучуларын ар кандай предметтерди окууга мотивациялоо;
- мектеп окуучуларынын предметтер боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн баалоо;
- мектеп окуучуларынын олимпиадасынын райондук этабына катышуу жана таланттуу окуучулар менен жекече иштөө максатында тигил же бул предмет боюнча жөндөмдүү, таланттуу окуучуларды аныктоо.
Олимпиадага 5-11-класстын окуучулары катышты.
Комментарии