“Биз биргебиз”
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1992-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 3-декабрь Майыптардын эл аралык күнү катары белгиленет. Бул күн дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө жана аларды колдоо зарылдыгына буруучу маанилүү дата болуп саналат.
№67 мектеп-гимназиясы бул маанилүү датага карата “Биз биргебиз” аттуу атайын акция өткөрдү. Иш-чаранын алкагында класс жетекчилер тарабынан ушул темада класстык сааттар уюштурулду. 5–7-класстын окуучулары өз колдору менен сүрөттөрдү жана плакаттарды тартып, өз салымдарын кошушту.
Мындан сырткары, окуучулар ар кандай белектерди жана керектүү буюмдарды чогултуп, жүрөктөн чыккан каалоо-тилектерин жазып мектепке тапшырышты. Ар бир жылуу сөз жана чын дилинен чыккан тилек ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга дем берип, алардын жашоосун жаркыратууга көмөкчү болот.
Жыйналган жардамдар №30 мектепке жана “Ак Тилек” балдар үйүнө жеткирилип, иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Комментарии