«Мугалимдерге таазим»
Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы №67 мектеп-гимназиясы менен биргеликте мугалимдер күнүнө карата «Мугалимдерге таазим» аталыштагы салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Билим берүү тармагынын өкүлдөрүн кесиптик майрамдары менен куттуктоо үчүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Светлана Кенжебаевна, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Светлана Мозгачева жана Свердлов райондук администрациясынын башчысы Максатбек Саргазаков куттукташты.
Иш-чарада «Жыл мугалими» райондук конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Мугалимдерге майрамдык маанай тартууланып, №67 мектеп-гимназиясынын бий ийриминин окуучулары жана Свердлов райондук Балдар чыгармачылык борборунун катышуучуларынын ыр-бийи менен коштолду. Мектептин 4-А классынын окуучулары «манас айтуу» менен иш чараны ачып беришти. Белгилуу ырчылар Сьездбек Искеналиев, Ильяз Андаш кесиптин ээлерин куттуктап ыр тартуулашты.
Комментарии