“Мугалимдер күнүнө”
6- октябрда №67 мектеп-гимназиясынын актовый залында “Мугалимдер күнүнө” арналган иш-чара болуп өттү. Майрамдык концерттин ачылышында мектеп администрациясы мугалимдерди куттуктоо менен бирге грамоталар менен сыйлады. Жаш мугалимдерди тааныштырып белектерди тапшырышты. Андан соң майрамдык кечени 11-класстын окуучулары улантышты. Концерт таланттуу балдардын ыр- бийи менен коштолуп абдан жылуу маанайда жана кызыктуу өттү. Ошону менен бирге окуучулар мугалимдерине ыраазычылыктарын билдиришип, кесип ээлеринин көнүлдөрүн көтөрүштү.
Комментарии