Мероприятия, посвященные Чынгызу Торокуловичу Айтматову
Мектепте 9-декабрдан 15-декабрга чейин кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган жумалык өткөрүлдү. Китепканада Айтматовдун чыгармачылыгынын көргөзмөсү уюштурулду. Мектептин фойесинде жазуучунун чыгармаларынын негизинде жасалган плакаттардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү уюштурулду. Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча видеороликтер, презентациялар даярдалып, көрсөтүлдү.
13-декабрда мектептин жыйындар залында жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырып көрсөтүлдү. Бул иш-чарага 7-8-класстын окуучулары активдүү катышты.
Комментарии