“Манас”эпосун айтууда шаардык сынакка катышуу
Кыргыз улуттук Манас театры тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана 4-декабрь “Манас” күнүнө карата Бишкек шаары боюнча 28-ноябрында бала бакчадагы балдар арасында, 29- ноябрында мектеп окуучулар арасында өткөрүлүүчү Манас айтуу сынагында №67 мектеп-гимназиясынын 4-Б классынын окуучулары жигердүү катышышып, 1-3- орундарга ээ болушту. 4-Б классынын окуучусу Кубанычбеков Эрмек биринчи орунга ээ болду, Асангулов Баймырза 3-орунга ээ болду. Даярдаган мугалими Кожоназарова Зина Койчубековна.
Комментарии