Кытай жаңы жылы
Кытай тили боюнча Улуттук университеттин алдындагы Конфуций институту №67 мектеп-гимназиясы менен 3 жылдан бери тыгыз кызматташып келе жатат.
2024-жылдын 25-январында №67 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында Кытай жаңы жылына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чараны мектептин кытай тили боюнча мугалимдери (волонтёрлор) уюштурушкан.
Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин алдындагы Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Усенбаева Жылдыз Рысбековна жана Конфуций институтунун кытай тараптан директору Чен Чжигуо катышты. Ошондой эле маданият бөлүмүнүн координатору Фан Сяолин, окуу бөлүмүнүн координатору Пан Бо, волонтёр-мугалимдер Ху Сюэжуэй жана Чжао Ясин, ошондой эле офис-менеджер Ли Син да конок болушту.
Майрамдык концертти мектептин директору Джумалиева Нургүл Оёзбековна ачып берди. Концертке 5-, 6-, жана 7-класстардын окуучулары активдүү катышып, кытай тилинде ырларды көркөм окуп, ырдап жана бийлеп өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан тышкары, окуучулар “Аппак кыз” (Белоснежка) жомогун кытай тилинде сахналаштырып көрсөтүштү. Ал эми сахна кытай жаңы жылынын символу болгон фонарлар, жазуулар менен кооздолгон.
Кытай тилин мыкты өздөштүргөн 20 окуучуга Конфуций институту тарабынан атайын стипендиялар жана грамоталар тапшырылды.
Комментарии