«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата №67 мектеп – гимназиясы 23- сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш чараларды өткөрүштү.10-11- класстын окуучулары видео түрмөктөрдү, кыргыз тили боюнча презентацияларды даярдашты. 5-9 класстар дубал газеталарды фойеге илишти. Ошондой эле башталгыч класстын окуучулары Кыргыз тили жөнүндө көркөм окуп видеого тартып, фойедеги телевизорго жүктөштү. Мамлекеттик тил күнүнүн ачылышына 11-Е класс флешмоб жасашты. Ал эми 22- сентябрь күнү мектептин актовый залында мугалимдер жана окуучулар менен биргеликте Сармерден уюштурулду. Анда бөтөн улуттун өкүлдөрү катары мугалимдерибиз да кыргыз тилинде ыр саптарын айтууга катышышты. Биздин бөтөн тилдүү окуучуларыбыз манас айтуу өнөрүн да жакшы өздөштүрүшкөн.
Сармерден ыр-бий, макал, табышмак , жаңылмач айтуу, көркөм окуу менен коштолду. Бул иш- чарага орус класстын (1-11-кл.) окуучулары тандалган. Концерттин жүрүшү коноктор үчүн жагымдуу маанай тартуулады. Иш- чаранын максаты: “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамындын аткарылышына салым кошуу, өркүндөтүп өстүрүү жана ошондой эле “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ” ишке ашыруу болуп саналат.
Комментарии