“Кош бол, күз!”
27-ноябрда биздин мектепте салттуу түрдө “Кош бол, күз!” аттуу күз майрамы болуп өттү.
Иш-чаранын максаты: кооздукка, табиятка, Ата-Мекенди сүйүүгө тарбиялоо. Эстетикалык табитти, достукту, өз ара жардамдашууну, маданияттуу эс алууну жана көңүл ачуу жөндөмүн өрчүтүү.
Майрам учурунда үчүнчү класстардын бардык окуучулары жана класс жетекчилери катышып, окуучулары менен чоң эмгек жасашты. Иш-чараны алып барган класс – 3-Е класс, алардын класс жетекчиси Ифодат Эркенбековна Джапаркулова болду.
Күз майрамы балдарга жаратылыштын эң кооз мезгили тууралуу сүйлөшүүгө гана эмес, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүүгө да мүмкүнчүлүк берди. Иш-чаранын катышуучулары көрүүчүлөргө кызыктуу концерттик номерлерин тартуулашты.
Балдар иш-чарага жигердүү катышып, даярдалган оюндарга аралашып, күзгө байланыштуу табышмактарды кубануу менен чечишти. Окуучулар гана эмес, класс жетекчилери дагы майрамды уюштурууда чоң чыгармачылык менен иштешти.
Зал майрамдык көркөмдүк менен кооздолуп, бардык жерде жарык, шаңдуу күзгү маанай өкүм сүрдү.
Ар бир иш-чаранын ийгилиги катышуучулардын активдүүлүгүнөн көз каранды: бардык катышуучулар тартынуусун, уялып-жашырынуусун, ишенимсиздигин жеңе алышты.
Башталгыч класстардын окуучулары алтын күздүн сыйкырдуу дүйнөсүнө чөмүлүп, анда шаң, музыка жана кереметтер өкүм сүрдү!
Майрам жаркын, шаңдуу жана унутулгус болду! Бардык балдарга, мугалимдерге жана ата-энелерге катышуусу жана жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз!
Комментарии