«Кол эмгек казынасы»
2024-жылдын 17-январында Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык «Кол эмгек казынасы» аттуу балдардын колдонмо чыгармачылык конкурсуна катышкан жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. Конкурс Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык эстетикалык тарбия берүү боюнча усулдук борбору «Балажан», ЮНЕСКОнун клубу жана Балдардын кошумча билим берүү боюнча Евразиялык ассоциациясы тарабынан уюштурулган.
Конкурска Кыргызстан, Беларусия, Казакстан, Россия, Тажикстандан жана Өзбекстандан 1000ден ашык катышуучу өз эмгектерин сунуштаган. Алардын чыгармачылык иштерин камтыган «Кол эмгек казынасы» аттуу каталог түзүлдү. №67 мектеп- гимназиясынын 3 «В» классынын окуучусу Лимарева Алиса «Композициялык буюм» номинациясы боюнча биринчи орунду ээлеп, жеңүүчү болду. Алиса конкурска полимер чополордон жана кездемеден аралаш техника менен жасалган «Энн» аттуу куурчагын сунуштаган. Анын иши конкурстун калыстар тобу тарабынан жогору бааланып, каталогдун, календардын жана конкурстун жарнамалык баннеринин бетине жайгаштырылды. Алиса мектептеги Сманалиева Оксана Владимировна жетектеген «Сыйкырдуу колдор» кружогуна катышып келет.
Комментарии