Күз айындагы эко мода
Ушул жылдын 2- ноябрында №67 мектеп-гимназиясында 3- класстардын арасында күз айларына арналган «Күз айындагы эко мода» аттуу иш- чара болуп өттү. Бул конкурс 3- «Ж» класстын жана анын класс жетекчиси Джапаркулова Ифодат Эркинбековнанын жетекчилиги астында уюштурулду.
Иш- чаранын максаты — жаратылышка аяр мамиле жасоо жана аны сактоо.
Катышуучулар ар кандай колдо бар материалдарды пайдалануу менен түрдүү көйнөктөрдү жасап, аларды кийип сахнада подиумга чыгышты.
Окуучулар фантазияга бай экени тигилген көйнөктөрүнөн көрүнүп турду. Майрамдык иш-чараны коштоп ата-энелер да залда отурушту.
Конкурстун жыйынтыгында, номинация боюнча жеңүүчүлөргө сыйлоо баракчалары тапшырылды.
Мындай конкурстардын болуп турушу балдардын фантазиясын, ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө жана берилген ишке жоопкерчилик менен мамиле кылууга тарбиялайт.
Комментарии