Илим жана техника жумалыгы
№ 67 ОТК МГнын 11А, 11Б –классынын окуучулары «Илим, техника жана өндүрүш» жумалыктын алкагында, окуучуларды илимий-техникалык чыгармачылыкка чакыруу максатында 26.02.2025 күнү саат 11:00дон 13:00го чейинки аралыкта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттинин физика жана электроника факультетине тиешелүү лабораториялык кабинеттер менен таанышып келишти. Тааныштыруу факультеттин лаборанттарынын көрсөтмөсүнүн негизинде болду. Ал лабораториялык кабинеттердин аталыштары төмөнкүдөй:
- “Физиканы окутуу технологиялары” лабораториясы.
- “Электр жана магнетизм” лабораториясы.
- “Механика жана молекулалык физика” лабораториясы.
- “Электрониканын негиздери” лабораториясы.
- “Электр техниканын теориялык негиздери” лабораториясы.
- “Микроэлектроника” лабораториясы.
- “Микроскопия” лабораториясы.
- “Кванттык жана оптикалык” лабораториясы.
Жогорудагы лабораториялык кабинеттер менен таанышкандан кийин окуучулардын дүйнө таанымы, физикалык түшүнүктөрү кеңейди деп эсептейм.
Андан тышкары факультеттин деканы, доцент Токтогонов Самат Алмазбекович, окуу иштери боюнча декандын орун басары, доцент Исмаилова Гулзат Дерденбаевна факультеттин багыты, ишмердүүлүгү, жетишкендиктери тууралуу презентация жасап беришти.
Бул экскурсиялык иш чара мектептин физик мугалими Төлөгөн уулу Мирбектин жетекчилик астында өттү.
Комментарии