Городской(III) этап олимпиады школьников по общеобразовательным предметам
2025-жылдын 13-мартынан 14-мартына чейин №67 жалпы билим берүү орто мектеинде предметтер боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын шаардык (III)этабы болуп өттү.
Олимпиаданын негизги максаттары окуучулардын окуп жаткан предметтерине болгон кызыгуусун арттыруу, жогорку класстын окуучуларына кесип тандоого жардам берүү, илимий чыгармачылыкка жөндөмдүүлүктөрүн жана кызыгуусун айкындаган мектеп окуучуларынын чыгармачылык демилгесин аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат.
Быйылкы жылы олимпиаданын III этабы (шаардык) № 67 жалпы билим берүү орто мектебинин базасында: кыргыз тили, орус тили, англис тили, биология, география, тарых предметтери боюнча өткөрүлдү.
2025-жылы мектеп окуучуларынын олимпиадасынын III этабынына (шаардык) борбор калаанын жалпы билим берүүчү мектептеринен олимпиаданын райондук этабында биринчи жана экинчи орунду алган 87 окуучу катышты. Республикалык этапка шаардык олимпиаданын 1-2-орундарды ээлеген жеңүүчүлөрү катышат.
Республикалык (IV) этапка шаардык олимпиаданын 1-2-орундарды ээлеген жеңүүчүлөрү катышат.
Комментарии