Энелер күнү!!!
№67 ОТК МГда «Гүлдөр майрамы — 2019» проектисинин алкагында Энелер күнүнө арналган «Апа, ушунун баардыгы сизге» иш-чарасы өттү. Балдар бул жерде өздөрүнүн чеберчиликтери менен бөлүшүштү: «Манас» айтышты, ырдашты, бийлешти, комузда ойношту, өзүлөрүнүн сүрөттөрүн, кийизден жана шуру-мончоктон жасалган буюмдарын көрсөтүштү, жана ушунун баары өзүлөрүнүн сүйүктүү апалары жана кымбаттуу мугалимдери үчүн. Ошондой эле, бул майрамга көптөгөн жылдар бою ушул мектепте иштешкен жана азыр ардактуу эс алуудагы мугалимдер, МТБ-17нин баатыр энелери жана аялдардын өкүлдөрү катышышты. КР эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева энелерге жана мугалимдерге өзүнүн сонун ырларын жана куттуктоо жылуу сөздөрүн белек кылды.
Комментарии