Достук фестивалы “Тил – достукка көпүрө”
17-февралда Свердлов районунун № 67 ОТК мектеп-гимназиясында Эл аралык эне тил күнүнө карата «Тил-достукка көпүрө» аттуу достук фестивалы болуп өттү. Көп улуттун балдары билим алган гимназияда көп тилде ырлар окулуп,ар улуттун тилинде обондуу ырлар жаӊырды.Окуучулар ар түрдүү улут бийлерин бийлешти. Бул иш-чарага чакырылган коноктор Свердлов райондук Билим берүү борборунун директору Байгулов Нурлан Өмүрбекович, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин Конфуций институтунун директору Чэн Чжигуо мырза, институттун маданий программалар координатору Ху Дунмей айым , институттун программалар координатору Усенбаева Жылдыз Рысбековна катышышты. Коноктор иш-чаранын башында Конфуций институту менен № 67 ОТК мектеп-гимназиясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүп жаткан кытай тилин үйрөтүү иштери менен таанышышты. Жаӊы ачылган кытай тили кабинетинде кытай тили мугалимдеринин, волонтер-мугалимдин жана окуучулардын алгачкы жетишкендиктерине күбө болушту.
Жогорку деӊгээлде уюштурулган иш-чара катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, улуттар аралык достук мамилени чыӊдоого өбөлгө түзө алды.
Комментарии