“Биз СПИДге каршыбыз”
“Биз СПИДге каршыбыз” акциясы
Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү жыл сайын 1-декабрда белгиленет. Бул күн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан 1988-жылы расмий түрдө жарыяланган. 1996-жылы БУУ СПИДге каршы күрөшүү боюнча «Бириккен программа» кабыл алган.
Кыргызстанда 2022–2026-жылдарга карата ВИЧ эпидемиясын жеңүү боюнча жаңы Мамлекеттик программа иштелип чыгууда. Бул программа 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотуу максатында стратегиялык багыттарды жана иш-чараларды аныктайт.
2024-жылдын 1-декабрында №67 мектеп-гимназиясында да бул күнгө карата “Биз СПИДге каршыбыз” аттуу акция мектеп парламентинин демилгеси менен уюштурулду. Иш-чаранын алкагында СПИД боюнча маалыматтык доклад окулуп, викториналык суроолор уюштурулду. Викторинага туура жооп берген окуучулар кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.
Акцияны колдоо максатында бардык класстын окуучулары төштөрүнө кызыл лента тагып, иш-чарага активдүү катышышты. 8- жана 9-класстын окуучулары өздөрүнүн колдоосу менен плакаттарды даярдап, кызыктуу презентацияларды сунушташты.
Ошондой эле мектептин “Жаш патриоттор” ыктыярчылар уюмунун мүчөлөрү класс жетекчилер менен биргеликте класстык сааттарды уюштуруп, СПИД тууралуу кеңири маалымат берип, талкуу жүргүзүштү.
Мектептин медициналык кызматкери да 10-11-класстын окуучуларына СПИДдин алдын алуу жана анын таасирлери тууралуу атайын лекция окуду. Бул иш-чаралардын негизги максаты — окуучуларды СПИДдин алдын алуу жана сергек жашоо образын жайылтуу боюнча маалымдоо болду.
Комментарии