«Биз Кыргызстандын саламаттыгы үчүн»
2024-жылдын 16-октябрында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери №67мектеп- гимназиясынын 9-10-классттарынын окуучуларына «Биз Кыргызстандын саламаттыгы үчүн» темасында лекция окушту.
– Лекцияны ИИМдин БМЖКККнын өкүлдөрү милициянын подполковниги Каныбек Усенов жана милициянын подполковниги Умида Исматова жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психикалык ден-соолук борборунун (РПДБ) бөлүм башчысы Тинатин Сагынбаева республикадагы баңгизаттарды колдонуу же сактоо учурунда юридикалык жоопкерчилик каралгандыгын эскертип, кандай жагдайларда баңгизаттарды колдонууга кабылып, терс кырдаалдарга алып келиши тууралуу маалыматтарды жеткиришти.
– Жалпысынан укук бузуулардын, анын ичинде баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу, ар бир адамдын жана бүтүндөй улуттун ден-соолугуна кам көрүү мамлекеттин жана коомдун маанилүү милдети болуп саналат.
– Лекциянын жыйынтыгында, активдүү болгон мектеп окуучуларына ИИМдин БМЖКККнын логотиби түшүрүлгөн атайын белектер тапшырылды.
Өз кезегинде мектеп окуучулары баңгизаттар колдонуунун зыяндуулугу тууралуу маалыматтарды кеңири жеткиришкендиги үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери туруктуу негизде алдын алуу профилактикалык иш-чараларды өткөрүп келет.
Комментарии