«Биз Кыргызстандын келечегибиз»
«Теңир-ТОО» продюсердик борбору Коомдук теле-радио корпорациясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын жан дүйнѳсүн жана дене тарбиянын ѳнүгүшү» Жарлыгын ишке ашыруу максатында «Кыргызстан — Ыйык Мекеним» патриоттук маданий-агартуу долбоору Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында «Биз Кыргызстандын келечегибиз» аттуу шаардык кароо-сынагын өткөрдү.
Сынактын максаты өлкөнүн жаштарынын кадыр-баркын кеңири жайылтуу жана андан ары өнүктүрүү болгон. Жаштардын сергек жашоо образына, жаштардын руханий жана физикалык жактан чыңдалышына, инсандын гармониялуу өнүгүшүнө умтулуусу.
Өсүп келе жаткан муундардын арасында чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу, Мекенге болгон жан аябас сүйүү, өз өлкөсүнүн жана борбор шаары – Бишкек шаарынын тарыхын билүү сыяктуу патриоттук көндүмдөрдү калыптандыруу. Ошондой эле мектеп окуучуларында активдүү турмуштук позициясын өнүктүрүү.
No67 Мектеп-гимназиясынын «Жаш Патриот» уюму «Биз Кыргызстандын келечегибиз» сынагына катышып Гран-приге ээ болушту.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!
Комментарии