БИШКЕКТЕ «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ» ЖАНА «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСТАРЫ ӨТҮҮДӨ
2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстары өткөрүлөт.
Конкурстун максаты – педагогикалык чөйрөдө алдынкы идеяларды жайылтуу, заманбап окутуу технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу тажрыйбаларды көрсөтө алган таланттуу жана чыгармачыл педагогдорду аныктап, колдоо.
Конкурстун республикалык этабынын ачылышы бүгүн Бишкек шаарындагы №67 мектепте болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, сөз сүйлөдү.
“Мен бул иш-чарага абдан толкундануу менен катышып жатам, анткени 1996-жылы өзүм да “Жылдын мыкты мугалими” болгом. Мугалимдин түйшүгүн жакшы билем. Ал кезде техникалык каражаттар жетишсиз болчу: жазганга бор, окутканга китеп жок эле. Бирок биз балдарга билим берүүгө дилгир элек. Азыркы мугалимдер технологиялык жактан өтө күчтүү. Бирок кайсы убакта жана кандай шартта болбосун, мугалимдин башкы кредосу дайыма балдарга билим берүү болушу керек”, – деди министр.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, министр бардык катышуучуларга ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтомуна ылайык уюштурулуп, облустук жана шаардык этаптардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган 112 мугалим, 26 тарбиячы 4 категория боюнча күч сынашууда.
Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
Баш байге – «Жылдын мыкты мугалими»
Башталгыч класстардын мыкты мугалими
Мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими
Мыкты орус тили жана адабияты мугалими
Мыкты математика мугалими
Мыкты тарых мугалими
«Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим
Мыкты чет тил мугалими
Мыкты физика/астрономия мугалими
Мыкты информатика мугалими
Мыкты химия мугалими
Мыкты география мугалими
Мыкты биология мугалими
«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим
Мыкты музыка мугалими
Мыкты дене тарбия мугалими
Көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим
Аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим
Финалдык этап үч турдан турат:
“Педагогикалык кырдаалдар” – тесттик суроолорго жооп берүү жана кырдаалдык маселелерди чечүү;
“Мастер-класс” – окуучуларды тарбиялоодо жана социалдаштырууда компетенцияларды көрсөтүү;
“Сабак” – бейтааныш класста сабак өтүү жана аны талдоо.
Бардык катышуучулар диплом жана “Жылдын мыкты мугалими” төш белгиси менен сыйланат. Эң көп упай топтогон катышуучу баш байгеге ээ болот. Андан азыраак упай топтогондор “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланат.
“Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсу
Конкурс төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт:
тарбиячылар,
методисттер,
мамлекеттик тил мугалимдери,
музыкалык жетекчилер.
Финалдык этап үч турдан турат:
Видео-презентация жана портфолио менен кесиптик тажрыйбасын баяндоо;
Тесттик сыноо жана «Педагогикалык кырдаалдар» тапшырмаларын аткаруу;
Санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс көрсөтүү.
Жыйынтыгында эң мыкты деп табылган 4 педагог акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланат. Калган катышуучулар сертификат алышат.
Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Мугалимдер күнүн утурлай 3-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.
Комментарии