АУЦАнын студенттери менен биргеликтеги акция
2023- жылдын 15- октябрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун №67 мектеп -гимназиясынын окуучулары шаарыбыздагы жогорку окуу жайы АУЦАнын студенттери менен биргеликте кезектеги акция уюштурулуп, (Карагачевая Роща) карагай токоюна бак отургузулду. Акцияга №67 мектеп-гимназиясынын Ыктыярчы балдар уюмунун мүчөлөрүнөн турган «Жаш патриот» отрядынын 35 окуучусу катышты. Иш- чарага 9-«Д» класстын окуучулары жана ата-энелер да келишти.
Акциянын негизги максаты- шаарыбыздын экосистемасын жакшыртууга, сактоого салым кошуу.
Комментарии