Аттестат тапшыруу аземи
Бүгүн, 2023-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №67 мектеп-гимназиясынын 2022-2023-окуу жылында 11-классты аяктап жаткан 215 бүтүрүүчүгѳ орто билими тууралуу аттестатын тапшыруу аземи болуп ѳттү.
215 бүтүрүүчүнүн арасында ЖРТ боюнча 1 Алтын сертификаттын, 3 Алтын тамга артыкчылык аттестатынын ээлери бар.
Бул салтанаттуу иш-чарага бүтүрүүчүлѳр, ата-энелер, мугалимдер жана ардактуу коноктор — Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Дайырбеков Таалай Эсенбекович, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Саргазаков Максатбек Таштанбекович, Свердлов районунун Билим берүү борборунун директору Байгулов Нурлан Өмүрбекович катышышты.
Салтанаттуу иш-чара кѳңүлдүү жана шаңдуу ѳттү.
Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Дайырбеков Таалай Эсенбекович бүтүрүүчүлѳрдү куттуктап мектепке мэрия жана Свердлов райондук администрациянын атынан интерактивдүү панель белек кылды.
Комментарии