Ак Жол!
2023-2024- окуу жылынын 28- июнунда №67 мектеп-гимназиясынын 9-11 классынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган күбөлүк жана аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. Тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич жана Свердлов районунун Билим берүү башкармалыгынын начальниги Байгулов Нурлан Омурбекович катышты.
Коноктор жана мектеп директору Джумалиева Нургуль Оезбековна бүтүрүүчүлорду куттукташып, анын ичинен 228 балл алып, Алтын сертификаттын ээси болгон 11- В классынын бүтүрүүчүсү Ыдырысов Бекзатка аттестат тапшырып, ыраазычылык билдиришти. Салтанаттуу иш-чара келген коноктор үчүн жагымдуу маанайда өттү.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Силерге ак жол!
Комментарии